Ирандын Тебриз шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Өзбекстан курамасына жеңилип калды.
Беттештин 5-мүнөтүндө Өзбекстан курамасынын оюнчусу Давранжон Абдурахманов таамай сокку менен эсеп санын ачкан. Арадан 1 мүнөт өтпөй Константин Свиридов эсепти 2:0 кылды. Буга Кыргыз курамасы 8-мүнөттө Эмил Каниетовдун голу менен жооп берген. Эсеп 2:1.
11-мүнөттө Өзбекстан курамасынын чабуулчусу Машраб Адилов кайрадан голдордун аралыгын кеңейтти. Эсеп 3:1.
Кыргыз курама командасы эсепти тең кылганга шашылып 15-мүнөттө Келкел Анарбековдун голу менен айырмаланды. Бирок Өзбекстандын футзалчылары арадан 1 мүнөт өткөрбөй эсепти 4:2 кылганга үлгүрүштү.
2-таймда Кыргыз курамасы чабуулга чыгып, гол киргизгенге аракет жасады. Кылган аракети 35-мүнөттө акталып Эмил Каниетовдун күчү менен эсеп 4:3 болду. Мындан соң калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш аяктады. Бул жыйынтык менен Кыргыз курама командасы 3 беттештин жыйынтыгында 6 упай топтоп 2-орун менен финалдык баскычка өтө алды.
Эске салсак, Кыргыз курама командасы 15-октябрда алгачкы беттешинде Түркмөнстан курамасы менен кез келип 5:3 эсеби менен жеңип алган. Ал эми кечээ, 16-октябрда Непал курамасы менен туш келип 5:0 эсебинде утуп алган.