Кечээ, 12-декабрда белгилүү манасчы Ширин Сарыгулова турмушка чыгып, үй-бүлөлөрдүн санын көбөйттү. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына маалымдады.
"Кудай буюрса, сүйгөн адамыма турмушка чыктым. Аты - Максат, Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылынан болот. Биз 12 жылдан бери тааныш болчубуз. Мен үчүн алгачкы орунда карьера эмес, үй-бүлө турат. Андыктан баш кошуу сунушун кабыл алдым. Биз бактылуубуз, ак тоюбуз жакынкы күндөрү борбордогу тойканалардын биринде өтөт", - деди ал.
Эскерте кетсек, Ширин Сарыгулова ВВС басылмасынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң таасирлүү жана шыктандыруучу 100 аялдын катарына кирген.