Манасчы Ширин Сарыгулова ВВС басылмасынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү жана шыктандыруучу 100 аялдын катарына кирди. Бул тууралуу маалымат аталган басылманын расмий баракчасында 28-декабрда жарыяланып, ал тууралуу даректүү тасма тиркелген.
Бул ийгилик менен куттуктап Ширин Сарыгулова менен байланышканыбызда, мындай кубанычтуу кабарды бизден угуп жатканын билдирип, буларды кошумчалады:
"Албетте, дүйнөдөгү таасирдүү 100 аялдын катарына кирүү мен үчүн сыймык. Силерден алгачкы жолу угуп жатам, андыктан толкунданып турам.
Көчмөндөр оюндары учурунда ВВС телеканалынан келип, мен жөнүндө жарым сааттык даректүү тасма тартып кетишкен эле. Алар атайын мени менен Англиядан байланышып, бул жакка келишкен. Тартуу процесси Кырчын жайлоосунда жана башка жерлерде жүргөн. Кыз Сайкал менен Манастын чабышы, кыргыз эли көчмөн калк эмеспи, ошол учурдагы баатыр аялдын образы кандай болгон, деги эле ошол учурдагы жашоо салты, жаа аткандыгы, ат үстүндө жүргөнү боюнча баян тартышкан. Кийин монтаждалып, чет элдик каналдардан көрсөтүлүптүр. Биздеги ВВС аркылуу кыскача беришкен. Ошондон кийин башка дүйнөлүк каналдардан кызыгуулар пайда болуп, мага телефон чалышкан".
Белгилей кетсек, Кыргыз жеринен чыккан атактуу жаачы Асел Садырова жана дзюдо боюнча өлкөнүн үч жолку чемпиону Нагира Сарбашова ВВС агенттиги уюштурган "Дүйнөнүн 100 аялы-2016" долбоорунун тизмесине кирген.