24-ноябрь күнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди Лексус үлгүсүндөгү кара автоунаа менен ташыган адам анын жардамчысы болгон. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул Лексусту Зилалиевдин жардамчысы өзүнүн досунан убактылуу пайдаланууга алып турган. 24-ноябрда айдоочусу жана кызматтык унаасы жок болгон. Мындан улам жардамчысы айдоочу болуп берген. Зилалиев аталган унаа кытайлык компанияга таандык экенин ЖМКлар аркылуу билди. Жардамчысына карата катуу тартиптик чара көрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, буга чейин "Дело №" гезити президент Сооронбай Жээнбеков ант берип жаткан күнү "өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлган" деген жалган маалымат тууралуу жазган. Басылманын маалыматында, ИИМ Академиясынын курсантына, кара Лексус айдап жүргөн белгисиз адам өкмөттүк жолго жардыруучу зат коюлганын айткан. Ал жерге Бишкек ШИИББинин ыкчам-тергөө тобу барып, шектүү эч нерсе табышкан эмес. Ошондой эле аталган басылма "бомба" тууралуу маалыматты учурдагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев тамаша катары айтканын жазды. Бүгүн жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат тараткан факт боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.