Биз социалдык тармакта

Ислам динин кабыл алган 80 жаран Умрага барат

Бишкек шаарында ислам динин жаңы кабыл алган 80 жаранга умра сапарына жолдомо белекке берилди. Бул тууралуу 24-ноябрда Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, кайрымдуулук демилгесин туристтик компаниялардын бири башкармалык менен биргеликте уюштурду.

"Жолдомолордун 55и орус, 25и корей улутундагы жарандарга берилди. Иш-чарада муфтийдин орун басары Рафаил Татиков катышуучуларга ак жол каалап, насаат сөздөрүн айтты. Демилгенин максаты - жаңы мусулман болгон жарандардын руханий дүйнөсүн байытуу, ыйык Мекке жана Медина шаарларына зыярат кылуусуна шарт түзүү",- деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан