Бишкекте жерде жаткан баласын тепкилеген ата 4-февралга чейин камакта болот

Бишкекте жерде жаткан баласын белге тепкен ата 4-февралга чейин камакта болот. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Айыпталып жаткан адамдын баш коргоо чарасын 4-декабрда Октябрь райондук соту карап аны 2 айга камакка алган. Тергөө иштери жүрүп жатат, учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда. Анын аталган жайда дагы канча убакытка чейин кармалышы тергөө иштеринин жүрүшүнөн көз каранды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова атасы тепкен балага жана анын апасына психологиялык жардамдар көрсөтүлгөнүн айтты. Ошондой эле апасы баласын тепкен күйөөсүн аталык укуктан ажыратуу боюнча мурда жазган арызын кайра алганын кабарлады.

"Эне-бала психологдордун баарлашуусунан жана кароосунан өттү, бирок анын жыйынтыгы келе элек. Баласын тепкен адамды аталык укуктан ажыратуу маселеси ошол психологдордун жыйынтыгына жараша болот. Баланын апасынын айтуусуна караганда күйөөсү баласы менен өзүнө мурда кол көтөргөн учурлары болгон эмес. Апасы арызын кайра алган күндө деле эгер психологдордун жыйынтыгы менен атасы баласына коркунуч жаратып жатканы аныкталса анда аны аталык укугун чектөөгө алуу тууралуу биз сотко кайрыла алабыз", - деди Рейна Султанмуратова.

Андан сырткары ал бул үй-бүлө дайым социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Айта кетсек, ушул жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган.

Кийин анын Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келгени белгилүү болуп, коомчулукка тараган видеодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев аны жумушунан бошотуу боюнча буйрук чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан