Бишкекте өзүнүн 2 жаштагы баласын тепкен атанын иши сотко өттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы, өзүнүн эки жаштагы уулун тепкилеген атанын ишин иликтеп бүткөн. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" жана "өспүрүмдү тарбиялоо милдетин аткарбастан наристеге карата жаман мамиле жасоо" беренелери боюнча айып тагылууда.
Октябрь райондук прокуратурасы айыптоо корутундусун бекитип, ишти райондук сотко өткөргөн.
Айта кетсек, ушул жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган.
Кийин анын Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп иштеп келгени белгилүү болуп, коомчулукка тараган видеодон соң Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев аны жумушунан бошотуу боюнча буйрук чыгарган.