Бүгүн Алмамбет Шыкмаматовго сот өкүмү чыгышы мүмкүн

Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин кароону улантат. Бүгүн айыпталуучулар Ж.Иманалиев менен А.Юксел жарыш сөз сүйлөшөт. Андан соң сот өкүм чыгарышы мүмкүн. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптар боюнча өзүнүн аргументтерин келтирип, Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сураган.
Ал эми эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, ага козголгон кылмыш ишти "саясий кысым" катары баалап келет.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан