Бүгүн,13-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө тараптардын жарыш сөзү орун алып, мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовго коюлуп жаткан айыптарга өзүнүн аргументтерин келтирип, аягында Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялап сот залынан камакка алууну соттон сурады. Андан сырткары аны менен кошо айыпталып жаткан Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевди 9 жылга жана тендерди уткан компаниянын жетекчиси Али Люкселди 8 жылга эркинен ажыратууну жана алардын да мүлктөрүн конфискациялоону өтүндү. Учурда жактоочулар өз сөзүн сүйлөөдө.
Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталууда. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Учурда ишти райондук сот карап жатат.