5-июндан 10-июнга чейин Баткендин Бужум айылындагы №30630-аскер бөлүгүнүн полигонунда Кыргызстан менен Орусиянын куралдуу күчтөрү биргеликте “Достук-2013” машыгуусун өткөрөт. Анда эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү батальондук тактикалык машыгуудан өтүшөт. Аскерлер өзгөчө оор шарттарда мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен операция жүргүзүшмөкчү. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, кыргыз тараптан министрликтин ыкчам тобу, миномёт аткычтар бөлүгү, абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учмалары жана башка аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери катышмакчы. Орусия тараптан Бириккен аба базасынын чабуул коюучу учактары катышмакчы.