Бүгүн, 4-июнда ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында "Кумтөргө" байланыштуу митингдерден улам Жети-Өгүз районуна барган премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эмне үчүн жергиликтүү тургундардан экономика министри Темир Сариевдин атынан кечирим сурагандыгы тууралуу сөз болду. Буга министр Сариев өзү түшүндүрмө берди. Айтымында, Жети-Өгүз районунун Саруу айылына күйөө бала болгон нарындык жигит атайын жалган маалымат берген. "Ал бала: “Темир Сариев бизге келип, "Кумтөрдүн" айынан жети-өгүздүктөр ууланган эмес, нарындыктарга ууланган суу кетип жатат” деп айтты дептир. Буга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ишенбей "Сариев такшалган саясатчы эле, мындай сөздөрдү айтышы мүмкүн эмес" десе, ал жигит “ушинтип айтты” дептир. “Эгер ошондой кызуу кандуулукка алдырып сөз чыгып кетсе, анда Темир Сариевдин атынан кечирим сурайм” дептир өкмөт башчы”,- деди Сариев.