ЖКда инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча КР менен БАЭнин ортосундагы макулдашуу колдоо тапты

Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 4-июндагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашуунун долбоорун колдошту. 27 өлкө менен мындай макулдашууларга кол коюлган. Биз БАЭ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң жогорудагы макулдашууга кол коюлду”,- деп билдирди экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов. Комитеттин төрагасы Карганбек Самаков депутаттар макулдашууну колдоого даяр экенин белгилеп, “чет жерлердеги Кыргызстандын айрым элчиликтерин тартипке келтириши керек. Кээ бир консул менен элчилерди алмаштыруу зарыл. Инвестиция тартып келе албаган дипломаттардын бизге эмне кереги бар? Начар дипломаттарды да алмаштыруу керек” деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан