Нурак Качкынбаев Манас районунун акими болуп дайындалды
Нурак Качкынбаев Талас облусундагы Манас районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу 4-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон.