Президент оң рулдуу таксилерди айдоого тыюу салган мыйзамды колдогон жок

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө оң рулдуу таксилерди айдоого тыюу сала турган мыйзамды колдогон жок. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынган мыйзамга өлкө башчы каршы пикир билдирип, кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылып берилди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Айта кетсек, мыйзамдын демилгечилери оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыгы көп катталып жатканын айтышып, аталган мыйзамды кабыл алуу зарыл экендигин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан