5-июнда “Түндүк электр” ишканасында Чүй жана Талас облустарынын райондук электр тармактарынын ыкчам электр оңдоочуларынын мелдеши башталат. Адистер аталган ишкананын эң мыкты бригадасы укугун талашышат. Маалым болгондой, 7-июнга чейин созулган мелдештин жүрүшүндө ар бир бригада электр тогуна кабылган жабырлануучуну куткаруу жана жандандыруу кыймылдары аркылуу медициналык алгачкы жардамды көрсөтүү, жабырланган чубалгы токту алмаштыруучу калакчаны, изоляторду жана башка электро-техникалык жабдууларды алмаштыруу кирет. Жеңүүчүлөргө УАЗ үлгүсүндөгү унаа, экинчи орунга компьютер принтери менен, үчүнчү орунга телевизор коюлган. Ошондой эле акчалай сыйлык да каралган.