Япония Кыргызстанга 10 гемодиализ жабдыгын берет

Япониядан Кыргызстанга 10 гемодиализ жабдыгы келет. Бул тууралуу Япониядан иш сапардан келген депутат Карганбек Самаков билдирди. Маалым болгондой, мындан бир жыл мурун Японияда “Кыргызстан-Кагошима” аттуу коомдук уюм түзүлгөн. Аталган уюмдун Кыргызстан тараптагы төрагасы Карганбек Самаков. Эки тараптын өз ара сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында “Токушюкай Медикал Корпорейшн” корпорациясы Кыргызстанга 10 гемодиализ жабдыгын берүүгө макул болгон. Ошондой эле Япония тарап 4 медицина кызматкерин окутуп, даярдыктан өткөрүп берет. Мындан сырткары депутат Карганбек Самаков билдирүүсү боюнча «Токушюкай Медикал Корпорейшн» корпорациясынын жетекчиси профессор Торао Токуда менен болгон жолугушууда Кыргызстанга жаңы үлгүдөгү медициналык борбор куруу маселеси чечилди. Депутаттын айтканына караганда, ал Борбордук Азиядагы эле эмес, дүйнөдөгү эң алдынкы медициналык борбор болот. Анда сыркоолорду дарылоонун бардык түрлөрүн камтуу мерчемделүүдө. Белгилей кетсек, Япония боюнча 280 медициналык борбору бар “Токушюкай Медикал Корпорейшн” корпорациясы дүйнөгө таанымал борбор болуп саналат. Алар тарабынан Болгарияда курулган медициналык борбор азыр дүйнөнүн ар тарабынан келип дарылануучу, тажрыйба алмашуучу негизги борборлордун бирине айланган.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан