Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Цзилинь провинциясында болгон өрткө байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге Цзилинь провинциясында болгон өрткө байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү. Анда мындай деп айтылат:

“Улуу Урматтуу,

Дэхуэй шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан Цзилинь провинциясындагы заводдо болгон өрттүн натыйжасында көп сандаган курмандыктар жөнүндөгү кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын дилден көңүл айтуумду жана жабыр тарткандардын бардыгына тезирээк сакайып кетүүлөрүн каалаганымды жеткирип коюуңузду өтүнөм. Терең кайгыруу менен, Алмазбек Атамбаев”.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан