Соттук коллегия Аида Салянованын инисинин өлүмүнө шектүү кармалганынан улам ишти кароону жылдыруу өтүнүчүн четке какты

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча сот отуруму улантылып жатат. Учурда соттук коллегия иш материалдардын 5-томун соттук териштирүүгө алууда. Салянова иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү кармалгандыктан ишти кароону түштөн кийинки убакытка жылдыруу өтүнүчүн келтирди.

"Мен мындай учурда инимдин аялынын, балдарынын жанында болушум керек. Ошондой эле шектүү катары кармалган ким экенин билишим керек", - деди Салянова.

Бирок соттук коллегиянын төрайымы Ирина Воронцова соттук териштирүү саат 14:00гө чейин улантыларын айтып өтүнүчтү четке какты.

ИИМдин маалыматы боюнча, 27-декабрь күнү кечинде Саляновдун өлүмүнө шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.О. аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.

"Шектүү алдын ала сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алды. Анын жанынан табылган тапанча экспертизага жиберилди. Учурда Саляновдун өлүмүнө катыштыгы бар адамдарды кармоо үчүн издөө жана тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришкен ИИМден.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pyeon hwa
2017-12-28 13:55:41
Каядан кантип кармаптыр? Ошол мылтыгын которуп журуптурбу ? Бироонун мойнуна алдырып жатабы деп ойлоп жатам!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан