Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 27-декабрь күнү кечинде Саляновдун өлүмүнө шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.О. аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.
"Шектүү алдын ала сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алды. Анын жанынан табылган тапанча экспертизага жиберилди. Учурда Саляновдун өлүмүнө катыштыгы бар адамдарды кармоо үчүн издөө жана тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти ИИМден.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-ноябрга караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.