Ысык-Көл облустук соту зордуктоо беренеси боюнча айыпталып, Ысык-Көл райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган Н.Т. аттуу жаранга карата чечим чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 26-декабрда облустук сот райондук соттун Н.Т. аттуу жаранга карата 15-августта чыгарган чечимин карап, аны күчүндө калтырды.
"Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын 15-августундагы өкүмү менен Н.Т. күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү белгиленген. Н.Т. өз күнөөсүн моюнуна албаса да, анын жасаган кылмышы жабырлануучунун жана күбөлөрдүн көргөзмөлөрү менен далилденген. Соттук-психикалык экспертизанын 2016-жылдын 5-августундагы корутундусу боюнча Н.Т. акыл-эси соо, өзүнүн кыймыл-аракетине толук жооп бере алары аныкталган", - деп билдиришти соттон.
Айта кетсек, 2016-жылдын 28-июлунда 1983-жылы туулган Чүй облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны 5 жаштагы баласынын көзүнчө зордуктап, талаага таштап кеткенин айткан. Бул иш боюнча кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Балыкчы шаарынын тургуну кармалган.
Кылмышка шектүү көрсөтмөсүндө: “Башында келин өзү макул болгон, бирок кийин чыр чыгаргандыктан талаага таштап кетип калгам”, - деп билдирген.