Салянованын соту. Соттук териштирүү уланууда

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча соттук отуруму уланууда. Соттук коллегия 7 томдон турган иш материалдардын 5-томун түшкү тыныгууга чейин карап бүтүп, учурда 6-томго соттук териштирүү жүргүзүүдө. Салянованын билдиришинче, бүгүн иш материалдар териштирилип бүтсө, эртең ага акыркы сөз берилип, соттун чечими угузулушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
guli-1980
2017-12-28 18:56:15
Бугун эч ким оорубай сотко толугу мн келген го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан