Депутат Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум эртең уланат

Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын кылмыш иши боюнча соттук отуруму улантылды. Соттук коллегия иш материалдардын 6-томуна соттук териштирүү жүргүзүп, иш убактысынын бүтүп калгандыгына байланыштуу отурум 29-декабрга жылдырды. Анда иш материалдардын 7-тому каралып, андан кийин Саляновага акыркы сөз берилип, соттун чечими угузулушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
FlFA-UEFA
2017-12-28 20:36:21
Жегенге келгенде денсоолуктары крокодилдикиненда мыкты, жооп бергенге келгенде ооруп калышат жепутаттар млин).
+2
RNA78
2017-12-28 22:25:53
Эртеге кимиси ооруп калат экен эми???
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан