Жалал-Абаддагы митингчилерге Кара-Кулжа, Өзгөн районунан өкүлдөр келип кошулду
Жалал-Абаддагы Ош-Бишкек жолун тоскон митингчилерге Ош облусунун Кара-Кулжа, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунан өкүлдөр келип кошулушту. Алардын саны 500-600дөй экенин аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева бүгүн, 5-июнда билдирди. Айтымында, митинг уланып жатат, жол тосулган бойдон. Ал эми митингчилер бошотууну талап кылып жаткан Медер Үсөновдун тагдыры чечиле электигин анын жактоочусу бүгүн эртең менен билдирген. Жактоочунун айтымында, кардарын УКМК мыйзамсыз түрдө кармап жатат. Ал эми УКМК бул тууралуу маалымат бере элек. Айта кетсек, Медер Үсөнов 4-июнда ЖКнын 4 депутатынын кепилдик аркылуу бошотулуп, бирок аэропорттон кайрадан кармалып кеткен болчу.