“Ар кандай маселелер чыкса эле алдыга депутаттарды салышат, бизди "өрт өчүргүчтөр" деп айтылган сөз туура эмес. Депутаттар элдин көйгөйүн чечиши керек, элдин өкүлүбүз. Ошондуктан бардык маселени бирге чечели”. ЖКнын 5-июндагы жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков ушундай деди. Учурда көпчүлүк депутаттар күн тартибине Жалал-Абаддагы жана Жети-Өгүз районундагы маселени кароо сунуштарын айтып жатышат.