Жалал-Абаддагы митингчилер "өкмөт башчы келмейинче Ош-Бишкек жолун ачпайбыз" дешүүдө
Жалал-Абаддагы митингчлер "өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев чогулгандардын алдына келмейинче Ош-Бишкек жолун ачпайбыз" дешип жатканын митингдин катышуучулары билдирди. Алардын айтымында, Медер Үсөнов жакын арада чогулгандардын алдына чыгып сөз сүйлөйт. Бирок көпчүлүк митингчилердин колдоосу менен өкмөт башчынын да ал жерге баруу талабы коюлду.