Ош-Бишкек жолу ачылды

Жалал-Абадда митингчилер тарабынан тосулган Ош-Бишкек жолу ачылды. Бул тууралуу митингдин лидерлеринин бири Самаган мырза айтканын аймактык кабарчыбыз Гүлжан Эшбаева билдирди. Учурда унаалар өтүп жатат. Айта кетсек, буга чейин токтоп турган унаалардын саны миңге чейин жеткен болчу. Ал эми жол тоскондор өзүн "элдик губернатор" деп жарыялаган Медер Үсөновду бошотууну талап кылышкан. Үсөнов 4-июнь күнү кечинде ЖКнын айрым депутаттарынын кепилдиги менен бошотулуп, бүгүн Жалал-Абадга барган. Ал жол тоскон элдин алдына чыгып сөз сүйлөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан