Ош-Бишкек жолу 3 күн тосулуп тургандыктан Бишкектин базарларында мөмө-жемиш кымбаттады

Жалал-Абаддагы митингчилердин Ош-Бишкек жолун тосуп салуусунан улам Бишкектин базарларында мөмө-жемиш кымбаттады. Базардагы соодагерлердин айтымында, Ош менен Баткенден Бишкекке помидор, гилас жана өрүк көп алынып келинет. Өткөн аптада "Ош базарында" 1 килограмм өрүктүн баасы 50-60 сом болсо, бүгүн, 5-июнга карата 1 килограмм өрүк 70-80 сомдон сатылууда. 1 килограмм помидор өткөн аптада 100 сомдон болсо, учурда анын баасы 140 сомго чейин жетүүдө. Ал эми гиластын баасы мурунку апталарда 100 сом болсо, учурда 130 сом болууда. Соодагерлер Ош-Бишкек жолунун жабылышы бааларга таасир эткенин билдиришип, "бул убакта мөмө-жемиштин баалары кымбаттабай, тескерисинче, кыйла арзандап калышы керек болчу" дешти.  

Ал эми борбор калаадагы "Дыйкан базарында" өткөн аптада 1 килограмм өрүктүн баасы 55-65 сом болсо, учурда 80 сом, гилас буга чейин 100 сомдон сатылып келсе, учурда 140 сом болуптур. Ал эми помидор мурунку аптада 75-80 сом болсо, бүгүнкү күнгө карата 125-130 сом болуп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан