Бүгүн Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын соту уланат

2017-жылдын 30-декабрь күнү депутат Аида Салянованын соттук отуруму 4-январга жылдырылган. Депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова SUPER.KG'ге Салянованын ден соолугунда маселе жаралгандыктан отурум калтырылганын билдирген.

"Салянованын ден соолугунда олуттуу маселелер жаралды. Анын жүрөк оорусу кармап, ооруканага кайрылган. Бул себептен 30-декабрдагы отурум 4-январга саат 09:00гө жылдырылды", - деп билдирген жактоочу.

Буга чейин Аида Саляновага врачтар "жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү" деген диагноз коюшканын айткан жактоочусу соттон отурумду 1 күн бою созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан