Бүгүн, 30-декабрда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын кезектеги соттук отуруму уланды. Анда депутаттын жактоочусу Чынара Жакупбекова Салянованын жүрөк оорусу кечээ, 29-декабрда кармап, соттон отурумду узак убакытка дайындабоону өтүнгөнүн айтты.
"Аида Жеңишбековнада жүрөк оорусу пайда болду. Ал кечээ ооруп, бүгүн ооруканага кайрылган. Доктурлар анда жүрөк оорусу жаралганын, жүрөгүнүн 3 клапанында кемтик пайда болгонун айтты. Азыр дагы ал бейтапканада ден соолугуна байланыштуу жүрөт. Ага врачтар жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү деген диагноз коюшту. Ал буга чейин соттон отурумду 1 күн бою убакытка созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн", - деп врачтардан алынган маалым катты сотко көрсөттү.
Ал эми мамлекеттик айыптоочулар ал кечээ эле жакшынакай жүргөнүн айтып, соттук отурумду улантууну соттон сурашты. "Ал кечээ соттук отурумга келип кетпеди беле? Бул маалым катты кайсы учурда алып жетиштиңер?" деди. Залда отурган соттолуучунун тарапташтары отурумду жылдырууну талап кылып жараянда ызы-чуу чыгып, кайым айтышуулар орун алды. Мамлекеттик жактоочулар соттон аларды чыгарып жиберүүнү өтүндү.
"Адам ооруш үчүн атайын даярданып туруп оорумак беле? Оору менен өлүм деген капыстан келет. Анын башында инисинин өлүмү, өзүнүн соттук иштери тууралуу көп маселе турат. Мындай оорчулук менен адам ооруп калышы турган иш. Эмнеге маалым катка ишенбей жатасыңар?" - дешти залдагы тарапташтары.
Мындан соң аларды отурумдан чыгаруу аракети көрүлдү. Маалым катты текшерүү үчүн соттук отурум убактылуу токтотулуп, саат 2де кайра улантылмай болду.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.