Депутат Аида Салянованын соту түштөн кийинкиге жылды

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бүгүн, 4-январь күнү эртең мененки убакытка белгиленген шаардык соттогу отуруму түштөн кийинки убакытка жылдырылды. Соттук коллегиянын мындай чечим кабыл алуусуна депутаттын жүрөк дарты себеп болду.

Буга чейин Саляновага врачтар "жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү" деген диагноз коюшканын айткан жактоочусу соттон отурумду 1 күн бою созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан