Аида Салянова ооруп жатканына байланыштуу сот кийинки жумага жылды

Бүгүн, 4-январда түшкү саат 2де Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отуруму өтмөк. Бирок Салянованын ооруп жаткандыгына байланыштуу сот 8-январга саат 9:30га жылдырылды.

Буга чейин Саляновага врачтар "жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү" деген диагноз коюшканын айткан жактоочусу соттон отурумду 1 күн бою созбоону, тыныгуу менен өткөрүп турууну өтүнгөн.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан