Орусиялык алып баруучу Ольга Бузованын мурунку жолдошу, футболчу Дмитрий Тарасов сүйүктүүсү Анастасия Костенко менен расмий түрдө никелешти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, түгөйлөрдү мыйзамдуу түрдө күйөө жана аял болушу менен куттуктоого эң жакын гана туугандары жана достору келишкен. Костенко жолдошунун фамилиясына өтүп, Анастасия Тарасова аталган.
"Биз жөн гана мыйзамдуу түрдө никелештик. Заманбап үйлөнүү той сөзсүз түрдө болот, бирок азыр эмес", - деген футболчу.
Орус маалымат булактарынын жазганына таянсак, Анастасия учурда кош бойлуу болушу мүмкүн.
"Анастасия көптөн бери курсагын жашырган кенен кийимдерди кийип жүрөт, ал гана эмес социалдык тармактагы баракчасына да жүзүн гана көрсөтүп түшкөн сүрөттөрүн жарыялоодо. Футболчунун үйлөнүү чечимин шашылыш кабыл алганына, анын жубайынын кош бойлуу экени себеп болушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми жубайлар бул тууралуу эч кандай билдирүү таратышкан эмес.
Эске салсак, буга чейин футболчу Мальдив аралдарынан сүйүктүүсүнүн колун сураган.