Орустардын белгилүү алып баруучу, ырчысы Ольга Бузованын мурунку жолдошу, футболчу Дмитрий Тарасов ажырашканына толук 1 жыл болгон соң учурдагы сүйүктүүсү, жаңыдан таанылып келе жаткан модель Анастасия Костенконун колун сурады. Бул тууралуу Костенко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал манжасындагы шакегин көрсөтүп түшкөн сүрөтүн "мен "ооба" дедим" деген билдирүү менен баракчасына жүктөгөн. Арадан көп өтпөй сүйүктүүсүнүн колун сурап жаткан видеосу менен бөлүшкөн. Маалым болгондой, түгөйлөр мындан бир жума мурун Мальдив аралдарына эс алууга кетишкен. Дал ошол эс алуу учурунда футболчу сүйгөн кызынын колун сураган.
Белгилей кетсек, Дмитрий Тарасов менен Ольга Бузова 2012-жылдан тарта бирге түтүн булатышып, былтыр, 2016-жылы расмий түрдө ажырашып кетишкен.