ЖЫЛНААМА, 10-ЯНВАРЬ: Ырчы Лира Райымбекова: "Жашыӊ өткөн сайын туулган күндү белгилегиӊ келбей калат экен"

Бүгүн, 10-январда ырчы Лира Райымбекова 47 жашка толду. Туулган күнүн алгач жумушта, кечинде үйдө белгилөөнү пландап жаткан "Эл шайырлар" тобунун ырчысы SUPER.KG порталына буларды айтты.

"Быйыл 47 жашка толуп жатам. Туулган күнүмдү жыл сайын белгилечүмүн. Жыл өтүп, жашыӊ жогорулаган сайын туулган күндү белгилегиӊ деле келбей калат экен. Бирок досторуӊ куттуктап үйгө келип жатышса кантип белгилебей коёсуӊ? Буюрса, өздүк майрамды жумуштан кийин үйдө, үй-бүлөмдүн жана сахналаш досторумдун курчоосунда белгилейм", - деди Райымбекова.

Лира Райымбекова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 1991-жылдан баштап "Алымкул Үсөнбаев" атындагы эл шайырлар фольклор тобунда эмгектене баштаган. Алгач "Алымкан", "Күлгүн жаш", Ш.Дүйшөбаевдин "Жан сырым" деген ырларды аткарып, эл оозуна алынган. 26 жылдан бери Улуттук филармонияда "Эл шайырлар" тобунун ырчысы болуп эмгектенет.

10-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baktagul
2018-01-10 19:25:31
Куттуктайбыз эжекени ырлары мага жагат уч кызбы эже синдилер ырдашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан