Окурман Ош шаарындагы Бабур театрында билетке акча төлөгөндөн тышкары, ажатканага кирүү үчүн 5 сом талап кылынганына нааразы экенин айтты. Бул тууралуу ал "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Биз Ош шаарындагы Бабур театрына бардык. Кире бериш жерде аялдар ызы-чуу болуп кетишти. Көрсө ал жакта ажаткана жууп иштеген аял дааратканага киргендердин ар биринен 5 сомдон алып жатыптыр. Башка жерлерде, мисалы: филармонияда ажаткана бекер. Мындан улам аялдар билетке да, ажатканага да акча төлөп жатышканына нааразы болуп, урушуп жатышты. Көрсө ажаткана жууп иштеген аялга мамлекет тарабынан айына 300 гана сом төлөнөт экен", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.