Белгилүү ырчы Самара Каримова учурда дикторлук кесип менен эмес, чыгармачылык менен эле алек болуп жүргөнүн SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн кечке жакындарым мен алып баруучу катары сүйлөп жаткан видеону жиберип, "сен чын эле телеканалда иштеп жатасыңбы?" деп сурап чыгышты. Жок, мен журналисттик кесипти аркалаган жокмун. Болгону Ош мамлекеттик университетинде жаңыдан телестудия ачылып, мени алгачкы конок катары чакырышкан. Эфирдеги тапшырмага ылайык өзүмдү алып баруучу катары сынап көрүшүм керек эле. Учурда чыгармачылык менен эле алектенип жүрөм", - дейт ырчы.
Эске салсак, "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Самара Каримова эми телеалпаруучу" деген аталыштагы видео жүктөлгөн.