"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө" Самара Каримова эми жаңылыктарды алып барабы?" деген аталыштагы видео жүктөлдү. Ник (Sweet_lady)
Бул видеодо Кыргыз эстрада ырчысы Самара Каримова Ош мамлекеттик университетинин "Үмүт" телестудиясында даярдалган жаңылыктарды алып барып жатканы тартылган.
Өзүн көп тармакта сынап көрүү аракеттерин жасап келген ырчынын SUPER.KG'нин Түз эфиринде курган маегинде "Ырчы болбосом диктор болмокмун" деп айтканы бар. "Эки тизгин, бир чылбырды кармаган" Каримованын бул жаңылыгы тууралуу интернетте күйөрмандары өз пикирлерин билдирип жаткан чак.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.