Бишкектеги дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек өргүүсүнө акча төлөп берүүгө 200 миллион сом жетишпейт

Бишкекте билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек өргүүсүнө акча төлөп берүүдө маселе чыгууда. Буга ылайык, мэрия дарыгерлерге жана мугалимдерге Каржы министрлигинен 200 миллион сом сурап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында айтылды. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаиловдун айтымында, шаардын бюджети 2013-жылы 6 миллиард 375 миллион сомду түзгөн. Бул 2012-жылга салыштырмалуу 91 миллион 985 миң сомго көптүк кылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан