ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде 2012-жылдын 1-сентябрынан 2013-жылдын июнь айына чейин 57 мыйзам долбоору каралган. Бул тууралуу 6-июнда Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйынында комитет мүчөлөрү айтышты. Алардын ичинен 18 мыйзам долбоору билим берүү жана илим жаатында болсо, 5и интеллектуалдык менчик тууралуу, 8и маданият жана архив фонду жаатында, 2 мыйзам долбоору мамлекеттик тил жаатында, 11и маалыматтык саясат жана жарнак жаатында, 3өө дин саясаты тууралуу, 2өө дене тарбия жана спорт жаатында, 1 мыйзам долбоору конституциялык түзүм тууралуу болсо, 7өө бюджет жана каржы жаатында болгон.