Бишкек шаарындагы бак-дарактар курт-кумурскалардан жапа чегип, четинен куурап жатканы жыл сайын айтылат. Мэрия зыянкечтерге каршы атайын дарылоо иштери жүргүзүлгөнүн айтканы менен, жалбырагы түшүп, саргайып куурап бара жаткан дарактар учурда деле арбын. Май айынын башында “Жашылдандыруу” ишканасы бак-дарактарына биологиялык дарылоо жүргүзүп, курт-кумурскадан коргоо үчүн шаардагы дарактарга чымын-чиркей жабышып, чыга албай кала турган желимдүү кагаздар да чапталган. Бирок бул аракет олуттуу жыйынтык бере элек. Төмөнкү сүрөттөрдө борбор калаадагы дарактардын учурдагы абалы көрсөтүлдү. Сүрөттөр Чүй көчөсү, Эркиндик бульвары, Тынчтык көчөсү, "Ата-Түрк" сейил багы жана башка жерлерден тартылды.