2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн 35 миллион сомго көбөйтүү сунушталды. Бул сунушту вице-мэр Мурат Исмаилов Бишкек шаардык кеңешинин 6-июндагы сессиясында билдирди. Айтымында, мэрияга кошумча каражат табуу тапшырмасы берилген. Жыйынтыгында 18 миллион сомду муниципалдык мекемелердин ижарасынан түшкөн каражаттан алууга, 3 миллион сомун жарнама департаментинен жана 14 миллион сомун шаардык транспорт башкармалыгынын эсебинен алуу сунушталды. Айта кетсек, Бишкек шаарынын 2013-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 6 миллиард 375 миллион сомду түзгөн.