Шамиль Атаханов отставкага арыз жазды

КРнын коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Шамиль Атаханов отставкага арыз жазды. Маалым болгондой, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазды, эмне себептен мындай чечим кабыл алгандыгы тууралуу маалымат берген жок. Айта кетсек, буга чейин Атаханов "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевге байланышкан маселеде айыпталган, ошондой эле кечээ жакында Жети-Өгүз районундагы митингчилер менен жолугушууга барганда кримавторитет Водолаз менен сүйлөшүп андан кечирим сураганын депутат Исмаил Исаков айтып чыккан. Муну Атаханов четке кагып, "жалган маалымат таратканы үчүн Исаковду сотко берем" деген болчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан