Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Герман Гмайнер орто мектебин 2013-жылы да каржылоону чечишти

Бүгүн, 6-июнда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында “SOS” – Герман Гмайнер орто мектебин 2013-жылы каржылоо” жана “Бишкек шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн функционалдык анализи, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун резервдик фонду жөнүндө жобо, Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын каржылык-чарбалык ишин инвентаризациялоонун жана анализинин жыйынтыктары боюнча кабыл алынган комиссиянын мөөнөтүн узартуу” маселелери каралды. Анда аталган маселелерди чечүү добушка коюлуп, жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен Гмайнер орто мектебин 2013-жылы да каржылоо маселеси чечилди. Ошондой эле 2-маселе болгон комиссиянын ишин 20-ноябрга чейин узартуу да көпчүлүк добуш менен чечилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан