Салянованын соттук иши 24-январга жылдырылды

Бүгүн, 18-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттук иши каралмак. Анын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти карап жаткан соттук жамаатка депутат жүрөк дартынан улам ооруканада жаткандыктан отурумду жылдыруу өтүнүчүн келтирди. Соттук жамаат жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, ишти 24-январь күнү улантууну чечти.

Саляновага жүрөк клапанынын өнөкөт ичкерүүсү деген диагноз коюлуп, 10 күндөн бери ооруканада жатат.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Povetkin
2018-01-18 15:38:56
Ааааа бул эжебизда таза алып качдыго чиркин..
-3
aibars
2018-01-18 15:49:48
Povetkin, бир тууган инисин атып кетти, бийлик озун эптеп камап салганга шашып жатат. Албетте бул назик аял заты учун женил нерсе эмес.
-2
bakit-bosteri
2018-01-18 16:14:57
222
-3
Dembele84
2018-01-18 19:01:35
Жылдырып жылдырып отуруп,тажадык деп вообще сотту токтотуп койгула лучше
0
Asel1Aikol
2018-01-18 20:00:19
Бул айым эмне башкачабы эмне себептен сотун түштөн кийинкиге жылдырылды анан жактоочу келбей калды деп эле жүрүшөт? Сот баарыбызга бирдей болуш керек эгерде бул айымдын ордуна карапайым аял болгондо бир күндо эле камап коймок! Кудайым мындайды башка салбасын жана бирөөгө далили жок сүйлөп жаткан болсом кечирсин! Бирок өкүнүчтүү биздин соттор чынында карапайым элге гана күчү жетет! Адилеттүүлүк болсо жакшы болмок! Куудулдар айткандай ( СОТ ИДИОТ ) эле болуп калды го!
0
gul3ina
2018-01-18 20:00:56
Бир чечимге келгиле да корунгон шылтоону айтпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан