“Бүгүн, 6-июнда Ош облусундагы митингчилер Ош-Бишкек трассасын тосушкан жок”,- деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. Айта кетсек, бүгүн Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун тарапташтары “Сабировдун ишин кайрадан карап чыгуу” талабы менен нааразычылык акциясына чыгышты. Топтолгон 50-60тай адам Ош-Бишкек жолунун боюнда турушуп, митингчилерге Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери көз салышты. Эске салсак, экс-министр Р.Сабиров Жогорку Сот тарабынан май айында 5 жылга эркинен ажыратылган болчу.