ИИМ: "Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип, издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды"

Улан Саляновдун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелип, издөөдө жүргөн адам Орусиядан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип жаткандардын бири Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын 35 жаштагы А.А. аттуу тургуну Орусиянын Москва шаарынан кармалган. Учурда аны өткөрүп берүү боюнча ортодо сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Ошондой эле аталган маалыматта Орусиядан кармалган шектүү мурда да бир нече жолу соттолгону, анын эл аралык издөөдө жүргөнү айтылат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.
Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ermekbai
2018-01-18 17:39:53
Бул кармалган адамыда күмөн жаратат демек бийлик өкүлдөрұ аралашкан деп ойлойм.
+5
Adiletia
2018-01-18 21:49:43
Уланга улан жооп бериш керек. исраилов бирок
0
Aika96
2018-01-18 18:32:42
Эл аралык издоодо жургон адам чек арадан кантип кирип чыгып журот? деген суроону бергим келип жататда..
+10
nurik838383
2018-01-18 22:21:00
Ким ишенет ушуга
+1
kokboru
2018-01-18 22:37:47
Москвада кыргыз бомждар көп,ошолор менен сүйлөшуп,келишип мойнуңа алабер,түрмөдө жакшы жашоо болот деп келишти да,бомж суйундү да кайра жакшы ага.Эмне үчүн адам өлтүргөн адамдын аты жөнүн толук жазбайт,эмне үчүн сүрөттөрү жок
+3
kokboru
2018-01-18 22:40:38
атамбай кыргыз элин мал ойлойт,каалаган саясатын,каалаган бийлигин жүргүзүп жатат атамбайды чоң тамга менен жазсам болмок,бирок бул кишини мен сыйдабайм.Жок дегенде сыйлабаганымы ушинтип билдирейин дедим.Чындыкты айтса эле камап жатса,эми ушинтип соц.тармактапга баарына атамбайды кичине тамга менен жазам
+3
Omuur94
2018-01-19 10:58:34
Бизди баарыбызды лох деп ойлошот окшойт бийликтегилер же болбосо гкнбысыбы скнбсыбы короче.бул байкуш зорго нан таап адал эмгек кылып суукта иштеп журсо,подстава кылып. Уруп,пакет кийгизип,ток берип, думчуктуруп баарибир мойнуна алдыртат. Тооба кичине боорукер болгулачы айланайындааар.аны Ким олтурот эле коро албагандар да.а бул байкуш озу Москвалап журсо.качан кеткен экен Москвага числосу? Тем более учетто турса чыга албайт . Угуп алгыла биз ЛОХ эмеспиз силер ойлогондой!!!☝☝☝
0
MoltirJan
2018-01-19 15:48:47
Баарибир эл ишенбейт булар ойлоп таап аткан сценарийсине.Эл дагы мал эмес унчукпай билбей кала бергидей .Табышпайбы чыныгы куноолуулорду жазалашсын.Качан Кыргызстанда адилеттуулук орнойт ?Же баарыбыз ушинтип ар жерде чачырап журо беребизби кыргыздар?Элди ойлогон эчким жок.
0
admin_superstan
2018-01-22 11:25:56
altyw95jan, провокация жараткан билдирүү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан