Жогорку Сот крим чөйрөдө "дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын ырастады

Жогорку Сот крим чөйрөдө "дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын SUPER.KG порталына ырастады.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 30-декабрь күнү №47-абактын башчысынын токтомуна ылайык, Жумагуловго Эгемендүүлүктүн 25 жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс берилип, жазасынын үчтөн бир бөлүгү кыскартылган. Токтом ошол эле күнү прокуратурага жөнөтүлгөн.

Ал эми Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2018-жылдын 16-январь күнү №47-абактын башчысынын Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу боюнча сунуштамасын канааттандырган.

Айта кетсек, Чыңгыз Жумагулов 2016-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышууга шектелип кармалган. Ал эми 2017-жылдын декабрь айында Жогорку Сот Жумагуловду 7 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Ask094
2018-01-18 18:47:44
Бет деген неме жок намыссыз соттор,кудай жазаласын силерди
+14
nazarKGZ
2018-01-18 18:51:05
Тоба эмне кылганына чыгарды бийликтегилердин баарынын тили бир да
+11
sapargul
2018-01-18 19:20:35
Криминалдарды чыгарып Текебаевди бекем кайтаргыла анткени ал чыкса сазайынарды берет
+18
sapargul
2018-01-18 19:23:24
Текебаев силер учун ото коркунучтуу кылмышкер
+14
jenish88
2018-01-18 19:42:52
бирого керектир бул адам
+10
taku1414
2018-01-18 19:44:10
Криминалдарды чыгарып, эл уулдарын жалган жалаа менен камаган сотторго наалат!
+12
jenish88
2018-01-18 19:53:58
негизи еле соттор тескери иштеп калышканбы
+8
Zamka79
2018-01-18 20:52:04
Ажыдаар баштуу жылан дегендей
Криминал баштуу олко болобуз го акыркы.
Аягы жакшылык менен бутпойт
+3
Nursultan.92
2018-01-18 21:12:27
Текебаевге да мунапыс жарыялап койсо болмок беле, азыркы бийлик менен дольше каяка барабыз билбейм
+7
aliakg90
2018-01-19 00:58:49
Nursultan.92, жазга чейин барабыз да
... Чыгабыз... Шиштери толуп баарынын ак уй кок уйунон бери, жарыш керек болуп калды
+2
Dalil
2018-01-18 21:52:45
Кантип криминалдык топтун мүчөсү деп шектелсе, жана ок атышкан деп күнөөлөнсө анан мунапыс берилеби? Мунапысты татыктууларга бербейби? Түрмөдөн чыгып кайра крим чөйрөгө аралашпайт деп ким кепилдик берет?
+5
Jelezo
2018-01-18 21:53:43
Текебаевди чыгарса Атамбаев Сокени ошол күнү ордуна коюп коёт
+2
Baatirbek81
2018-01-18 22:44:29
Теке эми тияктын закондорун өздөштүрүп чыгат.
+2
tokoev87
2018-01-18 23:10:35
Аа кайран соттор мышыктан корккон күчүктөй элесиңерла
+3
muslim87
2018-01-19 00:34:22
Кимдин кимдин заманы криминалдын заманы экенда э. Батукаев эми минтип Дөөсүн бошотуп жатышса демек бийликтин крим чөйрөсүнө күнү түшүп жаткан экен.
+3
altyw95jan
2018-01-19 22:37:07
Акыры бир кучтуу чыгып сот мот криминал сриминал иши кылып арты таза эместерди олтуруп тазалабаса кыргыздар 20 40жылдан кийин мекени жок лөлү болобуз темселеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан