Бүгүн, 18-январда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы кылмыш дүйнөсүндө "дөө" каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулганын SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, Чыңгыз Жумагулов №47-колонияда жазасын өтөп жаткан.
"Анын тергөө абагында өткөргөн күндөрү эки күндөн эсептелип, мунапыс колдонулду. 2018-жылдын 16-январында Бишкек шаарынын Ленин райондук соту аны мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотту. Ага ылайык, ал 17-январда эркиндикке чыкты", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан.
Буга чейин Жогорку Соттун басма сөз кызматы "Жогорку Сот Чыңгыз Жумагуловдун шарттуу кесип, абактан бошоткон" деген маалымат чындыкка дал келбегенин билдирген.
Айта кетсек, Чыңгыз Жумагулов 2016-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Чүй жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышууга шектелип кармалган. Ал эми 2017-жылдын декабрь айында Жогорку Сот Жумагуловду 7 жылга эркинен ажыраткан.