Валентина Лисниченко, депутат: "Окуучулардын сабак учурунда компьютердик клубдарда жүрүшүн көзөмөлгө алуу керек"

"Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары сабак учурунда компьютердик жана оюн клубдарында жүрүшөт". Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко бүгүн, 6-июнда шаардык кеңештин сессиясында билдирди. Айтымында, компьютердик клубдарда мектеп окуучулары үчүн кандайдыр бир терс таасирин тийгизүүчү сайттарга кирүүгө карата чектөө жок. “Албетте, компьютердик клубдар сөзсүз керек, бирок аларга карата кабыл алынган тартип же эрежелердин болушу зарыл”,- деди депутат. Көпчүлүк компьютердик клубдардын имараты жер төлөлөрдө жайгашкандыктан, алар санитардык талапка да жооп бербей турганын кошумчалады Лисниченко. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан