Жантөрө Сатыбалдиев: "Бийлик системдүү түрдө иш жүргүзбөгөндүктөн митингдер күч алып кетти"

“Жети-Өгүз районундагы митингде 15 атчан адам жаңжалды атайлап күчөтүп жатышты”,- деди 6-июндагы ЖКнын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, алар укук коргоо кызматкерлерине кол салышып, күйүүчү май куюлган шишелерди ыргытышкан. “Бүгүнкү күндө 6 адам ооруканада дарыланып жатат. Бирөөнүн абалы оор, бирок жылыш бар. Ал аталган митингдин кесепетинен мамлекетке 4 миллион долларлык зыян келтирилди”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле Сузак районунда учурда кырдаал бир нукка түшкөнүн айтты. “Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, өкмөт мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндарды эсептөөдө”,- деген өкмөт башчы бул митингдердин күчөп кеткендигинин себеби бийлик бутактары системдүү түрдө бир багытта иш алып барбагандыгы экендигин кошумчалады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан